09.04.2025 Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 8-11-класстарына өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу (кылмыштуулукка, эрте никеге туруу, зордук-зомбулукка, рэкетчиликке каршы) балдардын таламдары жана укуктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча шаардын имамы Б Тагаев, Аскер комиссариатынан Майор Каримов Медербек Заирбекович , ШБББнын жетектөөчү адиси Базаркулова Н мектепке келишип , чогулуш жасашты. Окуучуларга ыйман жолун, адептүүлүктү, өзүн алып жүрүүнү, улуу адамдарды сыйлоо керектигин, устаттардан билим алууну, аны колдонууну айтып өтүштү. Ошону менен бирге жаш өпүрүмдөрдүн арасындагы топтолуп мушташуулар, укук бузуулардын болуп жаткандыгын айтып, окуучуларды мектепте татыктуу билим алууга үндөштү. Келечекти жаштар гана курарын, алар биздин ишеничибиз деген жакшы пикирлерин калтырышты.
- 1 Кароолор