Декада

Декада

18.04.25-жыл Токтогул атындагы №1 ЖОББ мектебинин социалдык усулдук бирикмесинин бир айлыгынын алкагында тарых сабагынын мугалими Батыркулова Жамила 5-"А" кл. "Байыркы Римдин цивилизациясы" деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакка информатика мугалими А.Токтомамбетова,тарых сабагынын мугалими А.Мамышова катышты. Сабак жагымдуу жагдай менен башталып, Таяныч билимди актуалдаштырууда пазлда катылган суроолорго (мээге чабуул ыкмасы) жооп беришти. Суроолорго толук жооп бергенде, жаңы тема ачылды. Тема боюнча видеослайд көрсөтүлүп, уктурулду. Мугалимдин багыт берүүсү менен окуучунун изденүүсү, тарыхый маданиятка баа берүүсү, сынчыл ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түздү. Маалымат берүү борбору, маалымат алуу борбору менен иштеп, окуучулар алган маалыматын кеңири айтып бере алышты. Айрым окуучулар тарыхый маданиятты чагылдырган сүрөт тартып, Колизей Римдин жашоочулары үчүн көңүл ачуучу, гладиаторлордун уруштарын көрүүчү жана ар кандай оюндар өткөрүлүүчү жай болгон. Бул эстелик Рим императору Флавиевдердин династиясына тиешелүү. Айрым маалыматтар боюнча амфитеатр жортуулдардан түшкөн өлкөлөрдүн эсебинен курулган. Жүз миңдеген кулдар иштеп, инженерлер, художниктер жана архитекторлор аларды көзөмөлдөгөнү тууралуу кеңири презентация жасашты. Окуучулар сабакты бышыктоого, картада иштөөгө, тесттик суроолорго да активдүү жооп беришти. Кайтарым байланышта сабак мага жакты деген маалыматтарды калтырышты. Сабак максатына жетти.

  • 1 Кароолор