Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин
5-в классынын класс жетекчиси Какеева М “23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укукту коргоо күнү”деген темада класстык саат өттү.
Мугалим алгач окуучуларга бул күндүн тарыхы, анын дүйнөлүк мааниси тууралуу маалымат берип, китептин адам жашоосундагы ордуна кеңири токтолду. Мындан тышкары, автордук укук деген эмне, эмнеге ал маанилүү – деген маселелер жөнөкөй тил менен түшүндүрдү.
Жыйынтыгында мугалим китеп окуунун мааниси, маалыматты туура булактан алуу жана автордук эмгекти урматтоо тууралуу таасирдүү ойлорду айтып, окуучуларды ой жүгүртүүгө түрттү.
- 1 Кароолор