Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин 1-б классынын класс жетекчиси Гүлзат Мусаева 18- апрель "Китеп - биздин жан дүйнөбүздүн азыгы" деген темада класстык саат өттү. Окуучулар "Окуу керемет" ырын обондуу ырдашты.Китеп жөнүндө жакшы ойлорун ортого салышты.Ким китеп окуса,ал окуучу ,"мыкты " демекчи китеп окууга шыктандыруучу акыл сөздөр айтылды Окуган китептери боюнча түшүнүктөрүн көркөм айтышты.Китеп окуган окуучу озот ,дайыма алдыда болот.Китеп окуу керемет ж.б.үй- бүлөбүз менен китеп окуйбуз деп окуучулар алдыга максат коюшту.Кл жетекчи Мусаева Гульзат эжеке "китеп жарыш" болорун жана окуган китептери боюнча суроо жооптор менен толукталарын айтып, окуучуларды шыктандырды. Чыгарма жана жомок,ангемелерди окуп, сөз байлыктарын, акыл-эсин өстүрө ала тургандыгына ынанышты.
- 1 Кароолор