Улуттук нарк

Улуттук нарк

Токтогул атындагы №1 ЖОББМнын китепканасында "23- апрель -Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү" китеп майрамы өткөрүлдү.Колуна китеп кармаган жаштарды аз учуратып калдык.Колунда телефон,кулагында кулактык,ал эми оюнда,жүрөгүндө эмне бар экенин билүү кыйын.Китеп окубаган бала кандай коомду түзөт? Ушул боюнча балдар ,ата-энелер,коомдук китепканачылар, мугалимдер, жергиликтүү бийлик ж.б. мектептен тышкаркы иш- чараларды сунуштап келе жатабыз.Китепкананын максаты: биринчи кезекте 1-4 класстын окуучулары менен максаттуу, пландуу, даректүү, системалуу иштин негизинде коомдо китеп окуунун баркын жогорулатуу.Көркөм дөөлөлөттөрдү окуу менен гана калыптанбай аны аткара билүү, өзүн -өзү тааныткан, ак-караны ажыраткан көркөм адабияттын артынан сая түшүп, окуу ой- жүгүртүү турмушта колдоно билүүсү керек. Китеп күнүнө карата биздин мектептин китепкөй окуучулары Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынан “Алтын бешик”жомогун 4- б классынын окуучулары ролдоштуруп аткарып беришти. Класс жетекчиси: Шакирова А.,жана китепканачы: Акылбекова Г, ата-энелер, мугалимдер 11 -класстын окуучулары катышты.Ролдоштуруп аткаруу менен өткөн тарыхты революцияга чейинки кырыгыздардын Кокон хандыгынын бийлик тутуму,алтын бешиктин кайдан келип чыгышын билип алышты.

  • 1 Кароолор