9-май Улуу Жениш куну

9-май Улуу Жениш куну

Токтогул атындагы №1 ЖОББМнын 7-класстары биргеликте 2025-жылдын 25-апрелинде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арнап класстык саат өтүштү.
"Келдиң, Жеңиш,атак-даңк
тан жаралып,
Жерди арылтып дары жыттан, түтүндөн.
Куш сайрады,дарак желге ыргалып,
Гүл жайнады,Жеңиш,
сенин күчүңдөн..."
Ооба, география мугалими Мамышова Айжандын окуучуларга жасаган "Бабалардын баатырлыгын даңазалаган Улуу Жеңиш эстен кетпейт эч качан"деген темадагы докладында совет элинин,анын ичинде кыргыз элинин УАМСтагы көрсөткөн каармандыгы,мекен үчүн кыйылган өмүрлөрү,ынтымагы,көз жашы,азап-, тозогунун эсебинен жетишкен жеңиши жөнүндө баяндалып, урпактар унутпай эстеп, жаркыраган жашоону таберикке таштап кеткен ата-бабалардын эрдигине таазим кыла жүрүшүбүз эскертилген.
9-майдын урматына окуучулар көркөм ырларды айтышып, комузчулар Ыбырай Тумановдун "Жеңиш" күүсүн тартуулашты.
Дүйнөдө тынчтык болуп,мекенибиз гүл жыттанып, бактылуу өмүр сүрө берели! Кл.жетекчилер:
М.Куйпиева ,
Б.Карагулова,
Ж.Батыркулова,
А.Мамышова.
  • 1 Кароолор