9-май Улуу Жениш куну

9-май Улуу Жениш куну

 
Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна жана мектеп парламенти Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата мектеп ичинде “ Улуу Жеңишке 80 жыл” аттуу Жеңиш парадын уюштурушуп, класс жетекчилер класстарын параддан өткөрүштү. Алар менен биргеликте мектеп парламенти, ыктыярчы топтор, мектептин өздүк курамы катышты. Парадды мектеп директору Тагаев Рахат Аралбековна ачып, Жеңиш күнү тууралуу каалоо-тилегин айтып куттуктады . Мектептин өздүк курамынын командири Мукаилов Алистан парадга бардык класстар даяр экендигин билдирди. Парад чакан концерт менен коштолуп, окуучулар кыргыз бийлерин бийлешип, жоокерлердин эрдиктерин чагылдырган көркөм окуулар ырдалып, обондуу ырлар жаңырды. Жеңишке салым кошкон согуш ветерандарынын сүрөттөрүн кармап, “ Өлбөс полк” параддын көркүн ачты. Бул күндү алып келген аталарыбызды, агаларыбызды , алардын эрдиктерин эч качан унутпайбыз.
  • 1 Кароолор