Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 5-в классынын класс жетекчиси Какеева М. Энелер күнүнө карата “Эне үйдүн куту деген темада класстык саат өттү.Бул тарбиялык саат окуучулардын эне тууралуу түшүнүгүн тереңдетүүгө, ыйык эне образын урматтоого, сүйүү жана ыраазычылык сезимин ойготууга багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, ыр-куттуктоолорду айтып, энелерге арналган көркөм чыгармаларды окушту.
Класстык сааттын негизги максаты – эненин мээримин, кайраттуулугун, үй-бүлөдөгү ордун таанып-билүүгө тарбиялоо, ыраазычылык айтууга үйрөтүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө. Окуучулардын инсандын калыптанышында эненин ролу чоң экенин аңдап-түшүнүүсүнө көмөктөштү.
- 1 Кароолор