8-март-Аялдардын Эл аралык күнүнө карата Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында 26.02.2021ж "Кана эмесе кыздар!" конкурсу болуп өттү. Анда
1.Саламдашуу, команданын атын жактоо (Эне жөнүндө ыр)
2.Эне жөнүндөгү чыгармалардан үзүндү, сценка
3.Улуттук бий
4.Мода 80-90 жылдагы стиль
Көзгө сүйкүм ар улуттун бийлерин,
Кимдер гана билбесин.
Кыргыз кыздар кызгалдактай,
Кулпурушуп бийлешсин. Конкурстун жүрүшүндө ар бир класс ар улуттун бийин бийлешти.
"Элеттен чыккан кыйын кыз,
Кызгалдак сымал кыргыз кыз.
Түнкүсүн асман жаркыткан,
Жаркылдап тийген жылдыз кыз" -демекчи жаз гүлүндөй сулуу, күн нурундай жылуу, үзүлгөндү улаган, улуулукту, сулуулукту даңазалап келе жаткан кыздарыбыз экенин эч ким тана албаса керек. Кыздарды эмнеге кана теңебедик? Айга, күнгө, жылдызга... Ооба, кызгалдактай кулпурган кыздарыбызга мактоо сөздөрү кандай айтылса да жарашат. Аларды жан киргизген күнгө, каран түндө жарыгын чачып жол көрсөткөн айга, жыпар жыты аңкыган гүлдөргө салыштырсак да аздык кылат. Бардык сулуулук, улуулук, аруулук, тазалык аялзатында эмеспи. Сулуулук менен ыймандуулук, ызаттуулук менен жароокерлик, акылмандык менен боорукерлик сиздерден ажырабасын. Кымбаттуу, сымбаттуу апалар, эже-сиңдилер, айымдар, кыздар, майрамыңыздар кут болсун!
Ар бир жылдын өз алдынча даңкы бар,
Ар бир айдын өз алдынча баркы бар.
Күлүп- жайнап гүлдөгүлө жалпыңар,
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар. (Байдылда Сарногоев)
- 6 Кароолор