АКЫРКЫ КОҢГУРОО

АКЫРКЫ КОҢГУРОО

"АКЫРКЫ КОҢГУРОО" САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
25-май – Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн маанилүү күн. Бул күнү бүтүрүүчүлөр үчүн “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтөт. Ал мектептеги билим алуу баскычынын аяктаганын билдирет. Бул – көз жаш менен кубаныч аралашкан өзгөчө учур, анткени окуучулар мектеп менен кош айтышып, жаңы жашоо баскычына кадам ташташат
Акыркы коңгуроо — бул жөн гана майрам эмес, ал жоопкерчиликке, чоң турмушка болгон кадам. Бул күн – мектеп жашоосу менен коштошуп, жогорку окуу жайларга тапшыруунун же эмгек жолун баштоонун алдында турган учур.
Бүгүн 26- май күнү Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектеби шаңга бөлөнүп, “Акыркы коңгуроо” аземине арналган линейкада алтын уясынан бүтүрүүчүлөрүн узатып, ар кесиптин ээси болгон , 20жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөрүн тосуп алып, талыкпай билим берген мугалимдер менен биргеликте жакшы-каалоо тилектерин бөлүшүштү.Мектеп директору Тагаева Рахат Аралбековна куттуктоо сөз сүйлөп, мектептин ийгиликтери жана ийгилик жараткан мугалимдер , окуучулар тууралуу маалымат берип , бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.
Куттуктоо үчүн Кара-Көл шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич, Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Кимсанов Чыңгыз Алманбетович, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Омонок Абды сөз сүйлөп , бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалашып, келечек жаштардыкы экенине басым жасап, бүгүнкү күндү тынч, ийгиликтүү өткөрүп алуусуна тилектештигин билдиришти. 9-11-классынын класс жетекчилери Тагаева Фаризат Аралбековна, Ибримова Чынара Алымбековна, Токтомамбетова Алтынай Токтомамбетовна, Мырзалиева Эльвира Эстебесовнага Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов тарабынан кеңештин Ыраазычылык катын тапшырышып, иштерине ийгилик каалашты. Кечени ыр -бий коштоп, бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу жеңил бийине күбө болушту.
Көптөн күткөн акыркы коңгуроону символикалуу түрдө 11-класстын окуучулары 1-класстын окуучуларын коңгуроо кактыруу менен кече аяктап, 9-11-класстар, 20 жылдык аземдин ээлери класс жетекчичилери тарабынан даярдалган класстык сааттарга киришти. Салтанаттуу азем жыйынтыкталып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоо менен аяктады.
  • 2 Кароолор