Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын химия-биология сабактарынын мугалими Мамаева Н.

Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын химия-биология сабактарынын мугалими Мамаева Н.

24.03.2021 күнү Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын химия-биология сабактарынын мугалими Мамаева Н. Кыргыз Респуликасынын эмгек сиңирген мугалими Г.Мадаминовдун АЭМ китеби боюнча ата-энелер үчүн "Китеп окуудагы кемчиликтер,аларды түзөтүү жолдору", "12-13 жаштагы балдар үчүн адабий китептер, аларды чогуу окуу"-деген темада түшүнүк берип,балдар жана ата-энелер менен бирге китеп окуунун артыкчылыктары менен тааныштырды.Мына ушул максатта 6- "в" классынын окуучулары ата-энелери менен бирге "Кылычсыз самурай" китебин каникул убагында окуп,класс ичинде конкурс жарыяланды.Ата-энелер балдарды китеп менен камсыз кылып беришип, конкурска активдүү катышууга кызыкдар экендигин белгилешти.Ошондой эле устатыбыз Г.Мадаминов түзгөн 7 алгоритм боюнча өз пикирлерин айтышты.Ата-эне,кыргыз тили жана адабияты мугалими Ташбаева Мунара адабий китептерге балдарды кызыктыруу,чай үстүндөгү балдар менен маектешүү,ЖРТ гө азыртадан даярдануу керек экендигин баса белгилеп,энелер үчүн баалуу маалыматтар менен бөлүштү.Ата-энелерге класс жетекчи тарабынан окуу техникасы үчүн атайын дептер ачып,күн сайын белгилеп туруу жана түшүнүп окуусун калыптандыруу, термин-түшүнүктөр менен иштөөгө жардам берүү тапшырмасы берилди.

  • 55 Кароолор