Жаш адистерге   "Жаш  мугалимдер" мектебинин семинары

Жаш адистерге "Жаш мугалимдер" мектебинин семинары

21.12.22си күнү Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясынын "Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өстүрүү мектебинин" шаардык семинары "Сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуунун жолдору"- деген темада болду. Алгач конокторду башталгыч классынын мугалими Өмүракунова Элиза жагымдуу маанай менен тосуп алып, семинар башталды. Сабактын сапатын жакшыртуу максатында уюшулган семинарда теманы химия сабагынын мугалими Мамаева Нуржамал "ысык капуста оюну" менен баштап, андан ары КРнын эмгек сиңирген мугалими Г.Мадаминовдун усулдук сунуштары менен тааныштырды жана жаш мугалимдер өздөрү даярдаган мастер класстарды көрсөтүштү.Алар: информатика сабагынын мугалими Калпакбаев Мирлан "Мугалим ишиңди жеңилдет"- деген темада заманбап технологияларды максаттуу жана натыйжалуу колдонуу боюнча практика жүзүндө көрсөтүп берди. Музыка мугалими Эркинбекова Айдана комузду телефон аркылуу күүлөөнү үйрөтүп, улуттук наркты ,кыргыздын улуттук музыкалык аспабын унутта калтырбай,кийинки муунга мураска калтыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.Математика мугалимдери Мырзалиева Эльвира жана Аскарбекова Айзада "Комбинаториканын элементтери"- деген темадагы мастер класста окуучуларга оңой, жеңил эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн методдорун үйрөтүп, оюн аркылуу математиканы турмушта колдонулуучу мисалдар менен түшүнүк беришти. Заманбап технологияларды колдонуу, окуучуларды онлайн оюндар аркылуу сабакка кызыктырган физика сабагынын мугалими Какеева Махабат "joiteka" платформасында иштөөнүн сырларын үйрөттү.Сабакты эффективдүү өтүүнүн негизги ыкмасы бул сабакты максаттуу пландоо болуп саналат.Мамаева Н. сабакты пландоодо "Кайдзен пландоо" методу менен тааныштырып, семинар 7А методу менен бышыкталып, сабактын уруннттуу учурлары боюнча талкууланды.Катышуучулардын ыраазычылыктары менен семинар жыйынтыктыкталды. Жаш адистерге жана "Жаш мугалимдер" мектебинин жетекчиси Мамаева Н.А. ыраазычылык билдиребиз.
 
  • 32 Кароолор