Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясына 2023- 2024-окуу жылында республикалык бюджеттен ремонт иштери үчүн 476070 (төрт жүз жетимиш алты миң жетимиш) сомдук утурумдук ремонт иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлүнүп берилген. Былтыркы окуу жылына салыштырмалуу үч, төрт эсе көп бөлүнгөн. Тендер аркылуу ремонтко керектелүүчү каражаттар келип, мектептин кенже тейлөөчү кызматкерлери утурумдук ремонт иштерин бүтүп жатышат. Балдар биздин келечегибиз. Окуучулардын жаркыраган келечеги үчүн кам көргөн бийлик өкүлдөрүнө , жетекчилерибизге ыраазычылык билдиребиз!
- 1 Кароолор