31-май өндүрүштүк чогулуш

31-май өндүрүштүк чогулуш

Токтогул атындагы N1 мектеп- гимназиясынын жалпы жамаатына 31.05. өндүрүштүк чогулуш болуп, анда ар түрдүү маселелер: профсоюздун отчету, кенже тейлөөчү кызматкерлерди сыйлоо жана окуу- тарбия иштеринин жыйынтыгы каралды.
Окуу -тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кадырова Жылдыз Чокоевна сөз сүйлөп, жылдын жыйынтыгы менен мыкты билим сапатына ээ болгон , олимпиадада натыйжа берген , көрсөткүчтөрү мыкты болгон мугалимдерге номинация ыйгарды. “Олимпиада чебери” деген номинация менен математика мугалими Элнура Чыналиевага берилди. ,“Мыкты шакирт” номинациясы менен математика мугалими Айзада Аскарбекова, тарых мугалими Азимкан Сатаңова “Кесипкөй мугалим” , номинациясы менен сыйланышты. Башталгыч класстарынын окуу тарбия боюнча директордун орун басары Ү.К.Эгизбаева башталгыч класстары боюнча мониторинг менен тааныштырып ,башталгыч классынын мугалимдери: Гүлзат Мусаева, Назгүл Нуралиева , Мирская Людмила Владимировна билим берүүдөгү жетишкендиктери үчүн мектептин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошону менен бирге кенже тейлөөчүлөрдүн эмгеги бааланып, мектеп администрациясы тарабынан. Ардак грамоталар тапшырылды.
  • 1 Кароолор