Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын N5 педагогикалык кеңеши 28.05. күнү болуп, кеңеште 0-1-4, 5-8 жана 10-класстын окуучуларын класстан класска көчүрүү, 9-11- класстын окуучуларын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизүү,4-чейректин окуу тарбия иштери боюнча жыйынтыгы, тарбиялык иштердин анализи жана ар түрдүү маселелер каралды. Мектеп- гимназиясынын директору Тагаева Рахат Аралбековна педагогикалык кеңешти ачып, мугалимдердин окуу жылын ийгиликтүү аяктап жаткандыгын “Алтын түйүн” сынагынан орун алып келген окуучуларга, жетектеп барган мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
4-чейректин жыйынтыгын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кадырова Жылдыз Чокоевнага сөз берилип, 2023-2024-окуу жылындагы 1-4-чейректин билим сапатынын жыйынтыгы 53% жеткендиги айтылып, мурунку чейректерден 4-чейректе билим сапатынын өскөндүгүн баса белгилеп, билим сапатынын мониторинги чыгарылды.
Класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучусу Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна жыл бою класс жетекчилердин класс менен иштөөсүн анализдеп, мониторингдин жыйынтыгы менен мыкты класс жетекчилер аныкталып, өз ишин так аткарган класс жетекчилерге номинация берилди.
Нуралиева Назгүл, Мусаева Гүлзат,Кадыбекова Айгерим, Жумаева Гулиза, Карагулова Бегимбү, Жумаканова Улара,Исмаилова Дамира эжекелер мыкты жыйынтык көргөзүшүп, “Мыкты класс жетекчи “ номинациясын жеңип алышты. Ал эми класс менен иштөөдө уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде аткарып, окуучуларын мектеп формасына тегиз өткөргөндүгү үчүн “Уюштургуч класс жетекчи” номинациясына Аваскан Шакирова, Насыят Майнаева эжекелер татыктуу болушту. Берилген тапшырмаларды убагында так аткаргандыгы үчүн “Компетенттүү класс жетекчи “ номинациясына Фаризат Тагаева, Гүлбара Абакулова, Үмүт Курмановна, Махабат Какеева ээ болушуп, мектеп администрациясы тарабынан. Ардак грамоталар менен сыйланышып, белектер тапшырылды. Мектеп директору Тагвева Рахат Аралбековна класс жетекчилердин иштерине ийгилик каалап, ар дайым окуучулар менен иштөөдө жетишкендиктерди багындыруусуна тилектештигин билдирди.Андан соң ар түрдүү маселелер талкууланып, педагогикалык кеңештин чечими чыгарылды.
- 1 Кароолор