“Акыркы коңгуроо” аземи

“Акыркы коңгуроо” аземи

“Акыркы коңгуроо” аземи
Токтогул атындагы № 1 мектеп- гимназиясында 25.05.2024 “Акыркы коңгуроо аземи” болуп өттү. Салтанатка Кара – Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гулназира катышып, олимпиададан ийгилик жараткан мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырды.Көп жылдык үзүрлүү эмгеги , ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчун орус тили жана адабияты Жумаева Элиза Дурболоновна Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы берилди. Мугалимдерге көп жылдык үзүрлүү эмгеги , мектеп окуучуларыбыздын областтык предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн даярдоо аркылуу окуучулардын билим сапатын жакшыртуудагы жетишкен ийгиликтери үчун англис тили мугалими Анарбекова Миргүл Көлбаевна, Калпакбаев Мирлан Калпакбаевич Жалал – Абад областтык билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле жаш муундарды окутуудагы олутуу салымы , үзүрлүү эмгеги үчүн башталгыч классынын мугалими Жумаева Гулиза Дурболоновна , математика сабагынын мугалими Аскарбекова Айзада Талантбековна , англис тили мугалими Анарбекова Миргүль Көлбаевна , химия сабагынын мугалими Мамаева Нуржамал Абдыразаковна Жалал – Абад областтык билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы менен сыйланды. Мектеп окуучуларынын оласттык предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн даярдоодогу мугалимдердин жана педагогикалык жамааттын ишмердүүлүгүн уюштуруудагы үзүрлүү эмгеги үчүн Токтогул атындагы № 1 мектеп – гимназиясынын директору Тагаева Рахат Аралбековна Жалал – Абад областтык билим берүү усулдук борбордун “Ардак грамотасы менен сыйланды. Салтанаттуу аземге шаардык мэриянын кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Ажыбаева Айжамал Шаршенбаевна , Камбар – Ата 2 ГЭСинин директору Кайбалиев Нурбек Канболотович, Кара-Көл шаардык МСЭКБ башчысы Ж.Көчкөнбаевна ,
Кара – Көл ШИИБнүн башчысынын орун басары Келдибек Камчыбекович катышышты. Биздин мектептин карлыгачтары 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр ак мектебибизге келишип, билим берген агай- эжелерибизге ыраазычылыгын билдиришти. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектебибиздин каржысына 100000 ( жүз миң сом ) белек беришти. Ал эми 10 жылдык бүтүрүүчүлөр класс жетекчиси
К.К. Исмаилова ыйык умра сапарына сертификат беришти. 10 - "А" классынын окуучусу Каныбекова Аэлина англис тилинен республикалык олимпиадага катышкандыгы үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сертификат берилди.Ал эми кыргыз почтасы жаштар арасында 52 – Эл аралык эпистолярдык дилбаяндар сынагын өткөрүүдө активдүү катышкандыгы үчүн 8-“А” классынын окуучусу Кадыров Алинур, Төрөбекова Айдай, Закирбаева Айнуска ,Эшимова Акбийкеге грамота Ниязалиева Саминурага миң сом акчалай сыйлык беришти. “Акыркы коңгуроо” аземинен кийин бүтүрүүчүлөрдүн ата- энелери окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн рейдге чыгышты.
 
https://www.facebook.com/share/v/b8LG2jFYfFXZnspS/
 
 
  • 1 Кароолор