"Адамдын гигиенасы- ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы"

Токтогул атындагы №1мектеп-гимназиясынын 5-"Б" классынын окуучуларына класс жетекчиси Эсенкулова Нурзада "Адамдын гигиенасы- ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы" деген темада класстык саат өттү. Сабактын жүрүшүндө өздүк гигиенаны сактоо бир эле сулуулук үчүн эмес, биздин ден соолугубуз үчүн эң маанилүү экени баса белгиленди. Окуучулар берилген маалыматтар боюнча өз ойлорун жазып, айтып беришти жана өздүк гигиена каражаттарынын сүрөтүн тартышты. Алардын кайсынысы өздүк гигиена каражаттары болуп саналат жана кайсынысын достор менен бирге колдонууга болот экендигин аныктап, так айтып бере алышты. Сабактын жүрүшүндө Гигиена- бул адамдын ден соолугун чыңдоону жана сактоону жөнгө салуучу, анын активдүү жашоо узактыгын жогорулатуучу гигиеналык эрежелердин жыйындысы экендигин түшүнө билишти.

  • 1 Кароолор