Кара - Көл шаарындагы мектептер арасында окуучуларды китеп окууга кызыктыруу максатында Григорий Петровдун "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" деген китеби боюнча "Окурман окуучу" аталышындагы китеп окуучулардын конкурсу уюштурулду. Окуучулар окуган китебинин мазмуну боюнча дилбаян жазышты. "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" боюнча окурмандар эң кызыктуу ,таасирдүү ойлорду жазышкан. Дүйнөлүк изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен караганыбызда Финляндия өлкөсү билим берүү тармагы өнүккөн,коррупциянын деңгээли төмөн мамлекеттердин сап башында турарын айтышып, биздин жаштар да билим берүү маселесине кайдигер карабай кантип билим берүүнү өнүктүрүү керек экендиги боюнча ой болүшкөн. Качан гана мугалимдин статусу жогору жана билим берүүгө болгон ишеним абдан чоң болгондо билим берүү өнүгө тургандыгын баса белгилешкен. Желеги желбиреген эркин мамлекетибиздин өнүгүшүнө өз салымдарын кошууга даяр экедигин айтышкан.
"Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" боюнча дилбаян жазган окуучулар: Токтогул атындагы № 1 мектеп- гимназиясынын 9-"А" классынын окуучулары: Шайилдаева Жибек, Анаралиев Ильгиз, Кыйбатова Анжелина , Чолпонбай Түлөбердиев атындагы №2 ЖББИ мектебинин 10-"А" классынын окуучусу Кыдырмаева Каныкей,, Фрунзе атындагы. №3 ЖОББнын 8 - " Б" классынын окуучусу Исманалиева Мадина, Т.Туралы атындагы №6 жалпы билим берүү мектебинин 10- классынын окуучусу Төлөмырзаева Уулкандын, Фрунзе атындагы № 3 жалпы орто билим берүү мектебинин 11-"А" классынын окуучусу Татыкеева Мираида , Ч. Түлөбердиев атындагы №2 ЖББИ мектебинин окуучусу Насерединов Умар " Окурман окуучу" номинациясына ээ болушту.
https://fb.watch/sZ0_lxYeAQ/
- 1 Кароолор