Токтогул атындагы √1 мектеп-гимназиясынын биология мугалими Үтүрова Мээрим 5-в классына "Туруктуу өнүгүү, "жашыл көндүмдөр" деген темадагы сабак өтүлдү. Бул сабактын максатында окуучулар илимдин жаңы жетишкендиктери, ресурстарды үнөмдөө жолдору жана ресурстарды кайра иштетүү жөнүндө билишсе,энергияны үнөмдөөчү технологияларды билишсе, жашыл көндүмдөр, жашыл технологияларды билип, турмушта колдоно билүүгө тарбиялоо болду. Сабакта үйгө берилген тапшырма бөлмө гүлдөрүнөн өстүрүп келүү берилген. Сабакта суу баскан токойду калыбына келтирүү,жайыттарды калыбына келтирүү, суунун сапатын аныктоо, эңкейиштерди терассалоо жана эрозияга каршы күрөш, абаны тазалоо жана микроклиматты сактоо үчүн дарактарды отургузуу керектиги ж.б жөнүндө айтылды.Жашыл көндүмдөр боюнча pisa тест алынды.
- 1 Кароолор