Ысык-Көл 2024

Ысык-Көл 2024

Быйылкы жылы окуучулар үчүн жемиштүү жыл болуп, предметтик жана улуттук олимпиадалардан , “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон , “Алтын түйүн” олимпиадасынан 1- орун алган, коомдук иш-чараларга активдүү катышкан, областтык сынактарга катышып, активдүү катышуучу сертификатына ээ болгон окуучулар, Г. Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китеп окуу сынагында мыкты дилбаян – эссе жазган , көркөм окуудагы иийгиликтерди багынткан окуучулар шаардык мектептерден тандалып, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алышты. Бул эс алууну уюштурган Кара-Көл шаардык кеңешине, Кара-Көл шаардык мэриясына, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнө, жалпы мектеп жамааттарына , алдыңкы окуучуларды Ысык – Көл жергесине алып барууда , уюштуруу иштеринде көмөк көрсөткөн мектеп жетекчилерине , окуучуларды коштоп барган, балдардын коопсуздугу боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлгөн Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясынын организатору М.Д.Ташбаевага , Чолпонбай Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинин математика сабагынын мугалими Айжамал Беккоёновага , Кара – Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө , Кара – Көл шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгынын жетекчилигине жана айдоочуларына, жол коопсуздугун сактаган кайгуул кызматкерлерине мектеп администрациясынын, окуучулардын, ата – энелердин атынан ыраазычылык билдиребиз.
Бул үч күндүк эс алуу күндөрү балдар үчүн эң кызыктуу ,мектеп жашоосундагы эң сонун күн болгонун жашыра албайбыз. Эс алууга бара жаткан окуучулардын жүздөрүнөн башында кандай болор экен деген түпөйүл ойлор болсо, келе жаткан мезгилде ар бири Ысык- Көл жергесинен кеткиси келбей, достошкон балдар бири-бири менен коштошо албай, дагы бир аз бирге болсок деген ойлор көздөрүндө окулуп турду. Ар бир күн таң аткандан баштап, окуучулардын мүнөттөрүн кызыктуу окуялар менен коштоп, ар бир мүнөтүн текке кетирбей сергек жашоо образын биргеликте алып, волейбол жана бильярд ойношуп, кызыктуу оюндарды уюштуруп, көл жээгиндеги сууга түшүүдө дагы коопсуздукту сактоо менен бирге , заман агымына ылайык мобилографтар жана гиддер балдарды коштоп , ар түрдүү оюн – зоокторду уюштуруп , окуучулардын ар бир көз ирмемдерин видеого, сүрөттөргө түшүрүлдү. Эс алуучулар Бишкек шаарына келгенде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине экскурсияга барышып, кесипке багыт берүүдө окуу жайдын факультеттери тууралуу маалымат алышты. Андан соң “JOLBOL travel” тур агенствосунун гиддери, мобилографтары окуучуларды тосуп алып, көл жээгине жеткенден, келгенге чейинки убакытты жогорку деңгээлде уюштурушуп, окуучулардын ыраазычылыгына ээ боло алышты. Балдар менен биргеликте көл жээгинде бий бийлешип, аттракциондорго түшүшүп, мыкты эс алышты. Окуучуларга эстен кеткис эс алууда коштоп барган мугалимдер тарабынан сюрприз уюштурулуп,окуучулар сувенирлерге ээ болушуп, бири-бирине жагымдуу маанайда каалоо-тилектерин айтып, ыраазычылыктарын билдиришип, кийинки жылы да көптөгөн ийгиликтерди багындырууну максат кылгандыгын айтып өтүштү.
  • 1 Кароолор