“Санарип мугалим-2024” сынагы 2023-жылдын 1- октябрынан баштап ,Кара –Көл шаардык билим берүү бөлүмүнун буйругунун негизинде окуучулардын билим сапатын көтөрүү ,мугалимдердин кесикөйлүгүн арттыруу,жаңы технологиялар жана ыкмаларды ыкчам үйрөнүү ,”PISA-2025”эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү максатында STEM предметтерин окутууда чеберчиликти,предметтик сабактарда улуттук нарк насилди калыптандыруу максатында 26.04.2024 күнү таймаш өткөрүлдү. Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясынан англис тили сабагынын мугалими Анарбекова Миргүл Көлбаевна, башталгыч классынын мугалими Токтосунова Жайнагүл Кыргызбаевна , башталгыч классынын мугалими Туратбек кызы Чолпон, орус тили мугалими Базарбаева Зайнап Акматжановна катышты.
Мугалимдерге сынактын багыттары боюнча ай сайын сынактарга катышуу милдеттендирилген
Улуттук нарк жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана өнүктүрүүгө багыттарын жүргүзүү, билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу, жашыл көндүмдөргө долбоор түзүү, PISA-2025-Эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү, STEM предметтерин окутууда чеберчиликти, улуттук нарк-насилди калыптандаруу, санарип сабак , жаңы технологияларды жана жаңы ыкмаларды колдоно билүү боюнча таймашта " Эң жакшы " презентация жасашты. Жыйынтыгында областтык " Жыл мугалими - 2024" сынагына катышуу үчүн англис тили мугалими Анарбекова Миргүл Көлбаевнага ,башталгыч класстарынын мугалими Токтосунова Жайнагүл Кыргызбаевнага байгелүү орундарды багындыргандыгы үчүн жолдомо берилди
- 1 Кароолор